# 8-берене. Этил спиртинин, алкоголдуу жана спирттүү продукциялардын жүгүртүлүшүн коштоочу документтер

- Документ: [Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202669)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 13-октябрындагы № 269 "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 269
- Кабыл алынган күнү: 13.10.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 8 августа 2023 года № 168 "О государственной монополии на производство, импорт, хранение и реализацию этилового спирта и государственном регулировании производства алкогольной продукции"](https://aqlex.ai/kg/doc/112645)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111884)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202669#diff=1276836..1276837>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202669/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4059/edition/1276829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202669/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө, 8-берене (08.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202669/st-8

---

1. Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияларды жүгүртүү аларды өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн мыйзамдуулугун ырастаган төмөнкүдөй коштоочу документтер болгондо гана жүзөгө ашырылат:

- товардык-транспорттук коштомо кагаз же счет-фактура;

- техникалык регламенттердин жана стандарттардын талаптарына ылайыктыгын ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

- товарларга декларациянын көчүрмөсү (импорттолгон этил спирти жана алкоголдук продукция үчүн);

- иштин тийиштүү түрү менен иштөөгө лицензиянын көчүрмөсү.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн коштоочу документтери толук же айрымдары жок жүгүртүү жүзөгө ашырылып жаткан этил спирти жана алкоголдук продукция мыйзамсыз жүгүртүүдөгү продукция деп эсептелет.

(КР 2019-жылдын 29-мартындагы N 40 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202669/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202669/st-9)
