# 6-берене. Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн шарттары

- Документ: [Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202669)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 13-октябрындагы № 269 "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 269
- Кабыл алынган күнү: 13.10.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 8 августа 2023 года № 168 "О государственной монополии на производство, импорт, хранение и реализацию этилового спирта и государственном регулировании производства алкогольной продукции"](https://aqlex.ai/kg/doc/112645)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111884)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.03.2019 [Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111884); 30.05.2011 [Закон КР от 30 мая 2011 года № 33 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203277)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202669#diff=1276836..1276837>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202669/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4059/edition/1276829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202669/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө, 6-берене (08.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202669/st-6

---

1. Алкоголдук продукцияны (пиводон башкасын) өндүрүү үчүн азыктык өсүмдүк чийки заттан жасалган этил спирти колдонулат, ал эми дан өсүмдүктөрүнөн этил спиртин (коньяк спиртинен башкасы) жасаган учурда азык-түлүк тобундагы дан өсүмдүктөр пайдаланылышы керек.

2. Өндүрүүчү-заводдун аймагында башка юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин этил спиртин жана (же) алкоголдук продукцияны сактоону жана сатууну жүзөгө ашыруусуна тыюу салынат.

3. Кыргыз Республикасынын аймагында сатылуучу алкоголдук продукция милдеттүү түрдө этикеткасына жана контрэтикеткасына (импорт продукция үчүн контрэтикеткага чапталган атайын стикерге (чаптамага) мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган маалымат менен коштолот, анда төмөнкү маалыматтар болот:

- алкоголдук продукциянын аталышы;

- өндүрүүчүнүн аталышы жана анын юридикалык дареги, ал эми алкоголдук продукция импорттолгон учурда - импортердун аталышы жана анын юридикалык дареги;

- алкоголдук продукция чыккан өлкө;

- алкоголдук продукциянын коопсуздук талаптарына ылайыктыгы;

- алкоголдук продукция талаптарына ылайык келүүгө тийиш болгон техникалык регламенттер;

- керектөө тарасындагы алкоголдук продукциянын көлөмү;

- алкоголдук продукциянын даамына жана жытына таасир эткен негизги ингредиенттердин аталышы;

- чыгарылган датасы жана пайдалануу мөөнөтү же пайдалануунун акыркы мөөнөтү;

- кубаттуулугу, пайыз менен;

- сактоо шарты.

Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана сатылган арак ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген минималдуу дүң-сатуу жана чекене баа жөнүндө маалыматтарды камтыган маалымат менен коштолот.

4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө аталган маалыматтар көрсөтүлбөгөн алкоголдук продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагында сатууга тыюу салынат.

5. Этил спиртин жана (же) алкоголдук продукцияны лицензияда көрсөтүлгөн дарек боюнча гана өндүрүүнү жана (же) жүгүртүүнү жүзөгө ашырууга жол берилет.

6. Этил спиртин сатууну, коньяк спиртин кошпогондо, аны жасаган же импорттогон юридикалык жактар гана жүзөгө ашырат.

7. Жасоо үчүн сырттан алынып келүүчү товар пайдаланылуучу алкоголдук продукцияны өндүрүү лицензия болмоюнча алкоголдук продукцияны жасоого арналган этикетка жана жапкыч продукцияны, керектөө тарасын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында ички керектөө үчүн чыгарууга тыюу салынат.

8. Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө төмөнкүлөргө тыюу салынат:

- азыктык чийки заттан жасалуучу этил спиртин, азыктык эмес чийки заттан, этил спиртинен жасалуучу этил спиртин, ошондой эле нефть продуктуларга кошумча катары арналган этил спиртин бир жана ошол эле дарек боюнча, бир жана ошол эле стационардык жайда, кампада жана жабдууда өндүрүүгө жана (же) сактоого;

- саламаттык сактоо жана ветеринария субъекттерине сатууну кошпогондо, этил спиртин башкаларга чекене сатууга;

- этил спиртин жана алкоголдук продукцияны тийиштүү лицензиясыз өндүрүүгө жана (же) жүгүртүүгө;

- этил спиртин жана алкоголдук продукцияны ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык белгиленген коштомо документтерсиз жүгүртүүгө;

- алкоголдук продукцияны техникалык регламенттердин талаптарына ылайыктыгын ырастаган документтерсиз жүгүртүүгө;

- алкоголдук продукцияны стандарттардын талаптарына жооп бербеген упаковкада берүүгө;

- этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнүн же жүгүртүүнүн көлөмү жөнүндө декларацияны бурмалоого жана (же) белгиленген мөөнөттө тапшырбоого;

- этил спирттүү, үй шартында жасалган алкоголдук продукцияны сатууга;

- денатуралануучу заттарды жок кылуу максатында денатураланган этил спиртин же денатураланган спирт камтылган продукцияны кайра иштетүү боюнча ар кандай технологиялык процесстерди жана операцияларды жүргүзүүгө;

- алкоголдук продукцияны ушул Мыйзамдын талаптарын бузуу менен сатууга;

- алкоголдук продукцияны чекене сатуунун белгиленген эрежелерин бузууга.

(КР 2011-жылдын 30-майындагы N 33, 2019-жылдын 29-мартындагы N 40 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202669/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202669/st-7)
