5-берене. Этил спиртин жана (же) алкоголдук продукцияны өндүрүүгө жана жүгүртүүгө талаптар
Күчүн жоготкон · 08.08.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 8 августа 2023 года № 168.
1. Коньяк спиртин жана этил спирти даяр продукциянын көлөмүнүн 9 пайызынан ашык алкоголдук продукцияны (аракты кошпогондо), чекене сатууну кошпогондо, өндүрүүгө жана/же жүгүртүүгө төлөнгөн уставдык капиталы (уставдык фонду) 1 миллион сом өлчөмдөн кем эмес юридикалык жактар менчигинин формасына карабастан жүзөгө ашырууга укуктуу.
Арак чыгаруу төлөнгөн уставдык капиталы (уставдык фонду) 5 миллион сом өлчөмүнөн кем эмес юридикалык жактар тарабынан менчигинин формасына карабастан жүзөгө ашырылат. Этил спиртин (коньяк спиртинен башкасын) өндүрүү жана жүгүртүү, чекене сатууну кошпогондо, төлөнгөн уставдык капиталы (уставдык фонду) 100 миллион сом өлчөмүнөн кем эмес юридикалык жактар тарабынан менчигинин формасына карабастан жүзөгө ашырылат. Чет өлкөлүк юридикалык жактарга этил спиртин өндүрүүгө жана жүгүртүүгө тыюу салынат.
2. Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүдө пайдаланылуучу негизги технологиялык жабдуу техникалык регламенттердин жана айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык келиши керек.
3. Этил спиртин өндүрүү үчүн негизги технологиялык жабдууну эксплуатациялоого спирт өндүрүшүнүн негизги калдыктарын (барда, көмүр кычкыл газы) толук кайра иштетүүгө же утилдештирүүгө мүмкүндүк берүүчү жабдуулар киргизилген шартта жана мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу болгондо гана жол берилет.
4. Этил спиртин жана (же) алкоголдук продукцияны өндүрүүчү тийиштүү лицензиясынын жарактуулугу бүткөн учурда лицензиянын жарактуулугу бүткөн күндөн баштап 30 календардык күндүн ичинде этил спиртин (коньяк спиртин) өндүрүү үчүн ректификациялык колоннаны (түзүлүштү) жана алкоголдук продукцияны тарага жана (же) затордук чанга (пиво өндүрүүдө) куюу жана этикеткалоо үчүн автоматтарын (моноблоктор) ажыратып жана аларды лицензияда көрсөтүлгөн дарек боюнча продукция өндүрүүчүнүн кампасында сактоого милдеттүү.
5. Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү техникалык жөнгө салуу жаатындагы ченемдик укуктук актыларда белгиленген талаптарга ылайык жүзөгө ашырылат.
Берененин тексти 08.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы № 194 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.03.2010 · № 194
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майы № 318 "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 31.05.2017 · № 318
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202669/st-5" title="5-берене - Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>