# 20-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби

- Документ: [Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202669)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 13-октябрындагы № 269 "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 269
- Кабыл алынган күнү: 13.10.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 8 августа 2023 года № 168 "О государственной монополии на производство, импорт, хранение и реализацию этилового спирта и государственном регулировании производства алкогольной продукции"](https://aqlex.ai/kg/doc/112645)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202669/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4059/edition/1276829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202669/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө, 20-берене (08.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202669/st-20

---

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:

- "Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 7-9, 667-ст.);

- "Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 651-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-статьясынын 16-пункту (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 923-ст.);

- Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдык актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренеси ("Эркин Тоо" гезити, 2009-жылдын 7-августу, № 68-69).

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч айдын ичинде:

- өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;

- ушул Мыйзамдан келип чыгуучу тийиштүү мыйзам долбоорлорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;

- ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн зарыл чараларды көрсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202669/st-19)
