# 18-берене. Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны мыйзамсыз жүгүртүүдөн алуу жана конфискациялоо

- Документ: [Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202669)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 13-октябрындагы № 269 "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 269
- Кабыл алынган күнү: 13.10.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 8 августа 2023 года № 168 "О государственной монополии на производство, импорт, хранение и реализацию этилового спирта и государственном регулировании производства алкогольной продукции"](https://aqlex.ai/kg/doc/112645)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202669/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4059/edition/1276829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202669/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө, 18-берене (08.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202669/st-18

---

1. Эгер этил спирти жана алкоголдук продукция төмөнкүдөй учурларда сатылып жатса, анда ал жүгүртүүдөн алынат:

- тийиштүү лицензиясы жок болсо;

- техникалык регламенттердин талаптарына ылайыктыгын ырастаган документтери жок болсо;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда маркировкасы жок болсо жана (же) жасалма акциздик маркалар менен маркаланса;

- спирт камтылган азыктык эмес продукциялардан башка учурларда курамында азыктык эмес чийки заттан жасалган этил спирти же денатуралануучу кошулмалары бар болсо;

- ээси жок мүлк катары;

- мындай продукциянын мыйзамдуу өндүрүлгөнүн жана жүгүртүлүшүн ырастаган документтери жок болсо.

2. Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны сактоо аларды алып койгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган жерлерде жүзөгө ашырылат.

3. Мыйзамсыз жүгүртүүдө болгон этил спиртин жана алкоголдук продукцияны алып коюу жана конфискациялоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

4. Техникалык регламенттердин талаптарына жооп бербеген жана конфискацияланган этил спирти жана алкоголдук продукция, ошондой эле азыктык эмес чийки заттардан жасалган же денатуралануучу кошулмалары бар алкоголдук продукция техникалык керектөө үчүн этил спиртине же спирттүү азыктык эмес продукцияга кайра иштетилүүгө тийиш.

5. Мындай кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүк болбосо конфискацияланган этил спирти жана алкоголдук продукция Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жок кылынууга жатат.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202669/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202669/st-19)
