Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
18-берене. Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны мыйзамсыз жүгүртүүдөн алуу жана конфискациялоо
Күчүн жоготкон · 08.08.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 8 августа 2023 года № 168.
1. Эгер этил спирти жана алкоголдук продукция төмөнкүдөй учурларда сатылып жатса, анда ал жүгүртүүдөн алынат:
- тийиштүү лицензиясы жок болсо;
- техникалык регламенттердин талаптарына ылайыктыгын ырастаган документтери жок болсо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда маркировкасы жок болсо жана (же) жасалма акциздик маркалар менен маркаланса;
- спирт камтылган азыктык эмес продукциялардан башка учурларда курамында азыктык эмес чийки заттан жасалган этил спирти же денатуралануучу кошулмалары бар болсо;
- ээси жок мүлк катары;
- мындай продукциянын мыйзамдуу өндүрүлгөнүн жана жүгүртүлүшүн ырастаган документтери жок болсо.
2. Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны сактоо аларды алып койгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган жерлерде жүзөгө ашырылат.
3. Мыйзамсыз жүгүртүүдө болгон этил спиртин жана алкоголдук продукцияны алып коюу жана конфискациялоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
4. Техникалык регламенттердин талаптарына жооп бербеген жана конфискацияланган этил спирти жана алкоголдук продукция, ошондой эле азыктык эмес чийки заттардан жасалган же денатуралануучу кошулмалары бар алкоголдук продукция техникалык керектөө үчүн этил спиртине же спирттүү азыктык эмес продукцияга кайра иштетилүүгө тийиш.
5. Мындай кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүк болбосо конфискацияланган этил спирти жана алкоголдук продукция Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жок кылынууга жатат.
Берененин тексти 08.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202669/st-18" title="18-берене - Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>