# 14-берене. Алкоголдук продукцияларды сатууну жүзөгө ашыруучу адамдардын сатып алуучулардан инсандыгын ырастаган документтерди көрсөтүүсүн талап кылуу милдети

- Документ: [Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202669)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 13-октябрындагы № 269 "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 269
- Кабыл алынган күнү: 13.10.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 8 августа 2023 года № 168 "О государственной монополии на производство, импорт, хранение и реализацию этилового спирта и государственном регулировании производства алкогольной продукции"](https://aqlex.ai/kg/doc/112645)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 12 января 2015 года № 1 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112666)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202669#diff=1276833..1276834>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202669/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4059/edition/1276829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202669/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө, 14-берене (08.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202669/st-14

---

Алкоголдук продукцияларды сатууну жүзөгө ашыруучу адамдар жашы болжолдуу 18 жашка жетпеген адамдарга карата төмөнкүгө милдеттүү:

- сатып алуучунун жашын аныктоо максатында инсандыгын ырастоочу документтерди, - жарандын паспортун (ID карта) же аны алмаштыруучу документти көрсөтүүнү талап кылууга. Паспортту алмаштыруучу документтерге аскер кызматчысы экендигин аныктаган офицердик ырастама, мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматчысынын аскердик билети, айдоочулук ырастамасы кирет;

- инсандыгын ырастаган документтерин көрсөтпөгөн учурда аларга алкоголдук продукцияларды сатуудан баш тартууга;

- алкоголдук продукцияларды саткан жерлерге 18 жашка толбогон адамдарга, инсандыгын ырастоочу документтери жок адамдарга алкоголдук продукцияларды сатууга тыюу салуу жөнүндө, алкоголдук продукцияларды пайдалануунун зыяндуулугу жөнүндө маалыматтарды жайгаштырууга.

Ушул берененин жоболорун бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет. (КР 2015-жылдын 12-январындагы № 1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202669/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202669/st-15)
