14-берене. Алкоголдук продукцияларды сатууну жүзөгө ашыруучу адамдардын сатып алуучулардан инсандыгын ырастаган документтерди көрсөтүүсүн талап кылуу милдети
Күчүн жоготкон · 08.08.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 8 августа 2023 года № 168.
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 12 января 2015 года № 1
Алкоголдук продукцияларды сатууну жүзөгө ашыруучу адамдар жашы болжолдуу 18 жашка жетпеген адамдарга карата төмөнкүгө милдеттүү:
- сатып алуучунун жашын аныктоо максатында инсандыгын ырастоочу документтерди, - жарандын паспортун (ID карта) же аны алмаштыруучу документти көрсөтүүнү талап кылууга. Паспортту алмаштыруучу документтерге аскер кызматчысы экендигин аныктаган офицердик ырастама, мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматчысынын аскердик билети, айдоочулук ырастамасы кирет;
- инсандыгын ырастаган документтерин көрсөтпөгөн учурда аларга алкоголдук продукцияларды сатуудан баш тартууга;
- алкоголдук продукцияларды саткан жерлерге 18 жашка толбогон адамдарга, инсандыгын ырастоочу документтери жок адамдарга алкоголдук продукцияларды сатууга тыюу салуу жөнүндө, алкоголдук продукцияларды пайдалануунун зыяндуулугу жөнүндө маалыматтарды жайгаштырууга.
Ушул берененин жоболорун бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет. (КР 2015-жылдын 12-январындагы № 1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 08.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202669/st-14" title="14-берене - Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>