# 13-берене. Алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди дүң жана чекене сатуунун тартиби

- Документ: [Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202669)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 13-октябрындагы № 269 "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 269
- Кабыл алынган күнү: 13.10.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 8 августа 2023 года № 168 "О государственной монополии на производство, импорт, хранение и реализацию этилового спирта и государственном регулировании производства алкогольной продукции"](https://aqlex.ai/kg/doc/112645)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 июня 2017 года № 105 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О государственном регулировании производства и оборота этилового спирта и алкогольной продукции", Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111616)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 17.06.2017 [Закон КР от 17 июня 2017 года № 105 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О государственном регулировании производства и оборота этилового спирта и алкогольной продукции", Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111616); 17.07.2013 [Закон КР от 17 июля 2013 года № 148 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203957); 30.05.2011 [Закон КР от 30 мая 2011 года № 33 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203277)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202669#diff=1276834..1276835>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202669/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4059/edition/1276829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202669/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө, 13-берене (08.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202669/st-13

---

1. Алкоголдук продукцияны дүң жана чекене сатууну уюштуруу-укуктук формасына карабастан юридикалык жактар жүзөгө ашырат. Жеке ишкерлер алкоголдук продукцияны чекене сатууну жүзөгө ашырышат. Алкоголдук продукцияны сатуу иштин лицензиялануучу түрү болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн аракка минималдуу дүң-сатуу жана чекене бааны Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.

2. Алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди төмөнкүдөй жагдайларда сатууга жол берилбейт:

- балдар, билим берүү уюмдарында жана аларга 100 метр радиустагы жакын аймактарда, ошондой эле тикеден-тике медициналык мекемелердин аймактарында;

- шаардык жана шаардын жанындагы каттамдагы коомдук транспорттун бардык түрлөрүндө (жалпы колдонуудагы транспортто);

- маданий уюмдарда (аларда жайгашкан уюмдарды же коомдук тамактануу жайларын, анын ичинде юридикалык жак болуп түзүлбөгөнүн кошпогондо), дене тарбиялык-ден соолукту чыңдоочу жана спорттук жайларда;

- 18 жашка чыга элек адамдарга;

- 18 жашка чыга элек адамдардын;

- ушул Мыйзамдын 8-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарына ылайык коштоочу документтерсиз жана маркировкасыз же болбосо жасалма акциздик марка менен;

- массалык иш-чаралар өтүүчү жерлерде, аскердик бөлүктөрдүн аймагында, аскердик соода объекттерин кошпогондо, ошондой эле чатырларда, контейнерлерде, колдо, лотоктордо, автомашиналарда, бул продукцияны сатуу үчүн ылайыкташтырылбаган башка жерлерде.

3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алкоголдук продукцияны сатууга кошумча чектөөлөрдү белгилөөгө укуктуу.

4. Алкоголдук продукцияны чекене сатууну жүзөгө ашырган жеке ишкерлердин жана юридикалык жактардын соода жана кампа жайлары болууга тийиш.

(КР 2011-жылдын 30-майындагы № 33, 2013-жылдын 17-июлундагы № 148, 2017-жылдын 17-июнундагы № 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202669/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202669/st-14)
