# 10-берене. Этил спиртинин жана алкоголдук продукциянын импорту жана экспорту

- Документ: [Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202669)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 13-октябрындагы № 269 "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 269
- Кабыл алынган күнү: 13.10.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 8 августа 2023 года № 168 "О государственной монополии на производство, импорт, хранение и реализацию этилового спирта и государственном регулировании производства алкогольной продукции"](https://aqlex.ai/kg/doc/112645)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111884)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202669#diff=1276836..1276837>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202669/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4059/edition/1276829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202669/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө, 10-берене (08.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202669/st-10

---

1. Этил спиртин (коньяк спиртин кошпогондо) импорттоого төмөнкүдөй учурларда гана жол берилет:

- Кыргыз Республикасында этил спиртин өндүрүү токтотулганда же убактылуу токтотулганда;

- республикада өндүрүүчү этил спиртинин көлөмү азайганда жана алкоголдук өнөр жай ишканаларынын этил спиртин керектөөсүн камсыздоо мүмкүн болбогондо;

- этил спиртинин Кыргыз Республикасында өндүрүлбөөчү түрлөрү колдонулуучу алкоголдук продукциянын айрым түрлөрүн өндүрүүдө.

2. Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны импорттоону мамлекеттик жөнгө салуу өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

- импорттолуучу продукциянын коопсуздугун контролдоону;

- этил спиртин жана алкоголдук продукцияны импорттоо көлөмүн квоталоону.

Этил спиртинин жана алкоголдук продукциянын импортуна квотанын көлөмүн жана квота берүү тартибин аныктоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.

3. Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагынан алып чыгуу жана Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

4. Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келүүчү этил спирти жана (же) алкоголдук продукция Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык болууга тийиш.

5. Алкоголдук продукциянын импорту жана Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келүүчү алкоголдук продукциянын сапатына жана коопсуздугуна контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.

6. Маркировкалоодо жана таңгактоодо интеллектуалдык менчик жаатындагы мыйзамдарды бузууга жол берилген алкоголдук продукцияны Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып кирүүгө тыюу салынат.

(КР 2019-жылдын 29-мартындагы N 40 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202669/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202669/st-11)
