# 1-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү

- Документ: [Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202669)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 13-октябрындагы № 269 "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 269
- Кабыл алынган күнү: 13.10.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 8 августа 2023 года № 168 "О государственной монополии на производство, импорт, хранение и реализацию этилового спирта и государственном регулировании производства алкогольной продукции"](https://aqlex.ai/kg/doc/112645)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 мая 2011 года № 33 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203277)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202669#diff=1276830..1276831>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202669/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4059/edition/1276829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202669/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө, 1-берене (08.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202669/st-1

---

1. Ушул Мыйзамдын күчү уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин формасына карабастан юридикалык жактар, ошондой эле алкоголдук продукцияны чекене сатуу боюнча ишти жүзөгө ашырышкан жеке ишкерлер катышкан мамилелерге карата жайылтылат.

2. Ушул Мыйзамдын күчү төмөнкүлөргө карата колдонулбайт:

- этил спиртин камтыган продукцияны сатуу максатында эмес өндүргөн жеке жактардын ишине;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишти жүзөгө ашырышкан, иши этил спирттүү дары, дарылоочу-профилактикалык, диагностикалык каражаттарды, медициналык буюмдарды өндүрүүгө жана жүгүртүүгө байланышкан уюмдардын ишине, ошондой эле дарыкана мекемелеринин жеке рецепттер боюнча дары каражаттарды, анын ичинде гомеопатиялык препараттарды, ветеринардык арналыштагы препараттарды, парфюмериялык-косметикалык продукцияны жасоого, ошондой эле өндүрүштүк-техникалык арналыштагы башка продукцияны жасоого байланышкан иштерине;

- этил спиртинин үлүшү даяр продукциянын көлөмүнүн 6 пайызынан ашпаган, этил спиртин кошпостон жасалган натуралдуу ичимдиктерди, пивону кошпогондо, өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишке;

- эфир-альдегид фракциясын кошпогондо, спирттүү продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишке.

3. Этил спиртин медициналык, ветеринардык жана башка максаттарда сатып алуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте жүзөгө ашырылат.

(КР 2011-жылдын 30-майындагы № 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202669/st-2)
