# 8-берене. Куралдуу Күчтөрдү жайгаштыруу

- Документ: [Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202668)
- Документтеги орду: 2-бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24 июлундагы № 242 "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 242
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"](https://aqlex.ai/kg/doc/112657)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.08.2023 [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"](https://aqlex.ai/kg/doc/112657); 03.02.2014 [Закон КР от 3 февраля 2014 года № 24 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об обороне и Вооруженных Силах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205246)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202668#diff=1219798..4265>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202668/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/202668/edition/1219792/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202668/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө, 8-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202668/st-8

---

1. Куралдуу Күчтөрдүн бирикмелерин, бөлүктөрүн жана мекемелерин жайгаштыруу коргонуу маселелерин тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча коргоо милдеттерине жана жайгашуу ордунун социалдык-экономикалык шарттарына ылайык Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысы тарабынан аныкталат.

2. Куралдуу Күчтөрдүн бирикмелерин, аскердик бөлүктөрүн жана бөлүкчөлөрүн (мекемелерин) Куралдуу Күчтөрдүн колдонуусуна берилген жерлердин чектеринде кайра жайгаштырууну коргонуу маселелерин тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси жүзөгө ашырат.

(Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 3-февралындагы № 24, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202668/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202668/st-9)
