# 6-берене. Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн курамы, милдеттери

- Документ: [Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202668)
- Документтеги орду: 2-бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24 июлундагы № 242 "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 242
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июля 2026 года № 133 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны государственной границы и государственной охраны"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049032)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.07.2026 [Закон КР от 28 июля 2026 года № 133 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны государственной границы и государственной охраны"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049032); 07.08.2023 [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"](https://aqlex.ai/kg/doc/112657); 01.12.2017 [Закон КР от 1 декабря 2017 года № 197 (2) "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с принятием конституционных законов Кыргызской Республики "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О военном положении" от 20 мая 2015 года № 106 и "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики" от 14 июля 2015 года № 163"](https://aqlex.ai/kg/doc/111706); 29.11.2014 [Закон КР от 29 ноября 2014 года № 161 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об обороне и Вооруженных Силах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205382); 03.02.2014 [Закон КР от 3 февраля 2014 года № 24 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об обороне и Вооруженных Силах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205246)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202668#diff=4265..56687>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202668/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/202668/edition/1219792/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202668/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө, 6-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202668/st-6

---

1. Куралдуу Күчтөр коргонуу меселелерин тескөөчү жана мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын аскердик башкаруу органдарынан, бирикмелеринен, кошуундарынан, бөлүктөрүнөн, бөлүкчөлөрүнөн, мекемелеринен, аскерлеринин, атайын аскерлеринин, атайын түзүмдөрүнүн жана ооруктун түрлөрүнөн турат.

Бирикмелер, кошуундар, бөлүктөр жана мекемелер юридикалык жактын укуктарына ээ. Мекемелерге ошондой эле аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары болуп саналган аскер комиссариаттары да кирет. Согуш мезгилинде Куралдуу Күчтөр өз милдеттерин башка аскердик түзүмдөр менен өз ара аракеттенип аткарат.

2. Куралдуу Күчтөрдүн милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгүн, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн, конституциялык түзүлүшүн, коомду жана жарандарды баскынчылыктан куралдуу коргоо;

2) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын куралдуу коргоого катышуу;

3) аймактык коргонууга катышуу;

4) өзгөчө жана согуштук абалдардын режимдерин кармоо;

5) мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү жана табигый, технотектүү мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу;

6) терроризмге жана экстремисттик иш-аракетке каршы күрөшүүгө катышуу;

7) эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту кармоо боюнча иш-аракеттерге катышуу;

8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык стратегиялык объекттерди кайтарууга катышуу;

9) (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коргоо жана аскердик коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башка милдеттер.

3. Куралдуу күрөштүн каражаттарын колдонуу менен коргоого мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын аскердик түзүлүштөрү жана аймактык коргоо милдеттерин чечүү үчүн түзүлүүчү резервдик түзүлүштөр (башка аскердик түзүлүштөр) тартылат.

Башка аскердик түзүлүштөрдүн милдеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат. (Абзац Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 3-февралындагы № 24, 2014-жылдын 29-ноябрындагы № 161, 2017-жылдын 1-декабрындагы № 197 (2), 2023-жылдын 7-августундагы № 164, 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202668/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202668/st-7)
