# 24-берене. Куралдуу Күчтөрдө коомдук жана башка уюмдар менен бирикмелердин ишмердигин чектөө

- Документ: [Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202668)
- Документтеги орду: 5-бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24 июлундагы № 242 "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 242
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202668/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/202668/edition/1219792/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202668/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө, 24-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202668/st-24

---

Куралдуу Күчтөрдө саясий максаттарды көздөгөн коомдук жана башка уюмдар менен бирикмелердин ишмердигине, ошондой эле алардын түзүмдөрүн түзүүгө жол берилбейт. Ар кандай коомдук жана башка уюмдар менен бирикмелердин түзүмдөрүн түзүү жана алардын ишмердигин жүзөгө ашыруу үчүн Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчыларын жана каржылык каражаттарын колдонууга жол берилбейт. Уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан, юридикалык жактардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурлардан тышкары, аскердик бөлүктөрдүн жана мекемелердин аймагында ар кандай ишмердикти жүзөгө ашырууга жол берилбейт. Аскер кызматчыларынын саясий партияларга мүчө болушуна, ошондой эле алардын кандайдыр бир саясий партияны колдоп чыгышына жол берилбейт. Куралдуу Күчтөрдүн бирикмелеринин, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин ишмердигине ар кандай саясий пропагандалоону жана үгүттөөнү жүргүзүүгө, ошондой эле диний уюмдардын жана диний ырым-жырымдарды аткарган кызматкерлердин кийлигишүүсүнө жол берилбейт. Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо мезгилинде, референдумдарды өткөрүү мезгилинде Куралдуу Күчтөрдүн бирикмелеринин, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин аймагында тиешелүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө жол берилет.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202668/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202668/st-25)
