# 2-берене. Коргоону уюштуруу

- Документ: [Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202668)
- Документтеги орду: 1-бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24 июлундагы № 242 "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 242
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 февраля 2014 года № 24 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об обороне и Вооруженных Силах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205246)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202668#diff=1219792..1219793>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202668/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/202668/edition/1219792/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202668/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө, 2-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202668/st-2

---

Коргоону уюштурууга төмөнкүлөр кирет:

1) согуш коркунучун жана согуш кооптуулугун болжолдоо, аныктоо жана баалоо;

2) коргоо жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты түзүү жана ишке ашыруу;

3) коргоо жаатында укуктук жөнгө салуу;

31) коргоону жана Куралдуу Күчтөрдү, башка аскердик түзүлүштөрдү колдонууну пландоо;

4) Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү аскердик коопсуздукту жана коргоону камсыз кылууга даярдыкта өнүктүрүү, даярдоо жана кармап туруу;

5) коргонууну камсыз кылуу боюнча маселелерди чечүүгө мамлекеттин жана мамлекеттик органдардын экономикасынын мобилизациялык даярдыгы;

6) мамлекеттик органдарды жана өлкөнүн экономикасын согуш мезгилинин шарттарында иштөөгө өткөрүүнү уюштуруу жана мобилизацияны пландаштыруу;

7) калкты, аскердик үйрөтүлгөн резервдерди жана Кыргыз Республикасынын аймагын коргоого даярдоо;

8) мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо, Кыргыз Республикасынын аймагын жана аба мейкиндигин коргоо;

9) Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү курал-жарак, аскердик техника, ок-дарылар, аскердик-техникалык, буюмдук мүлк, азык-түлүк, күйүүчү-майлоочу материалдар жана башка материалдык-техникалык каражаттар менен тынчтык жана согуш мезгилдеринде камсыз кылуу;

10) мамлекеттик жана мобилизациялык резервдердин запастарын, мамлекеттик азайбас запастарды түзүү;

11) коргоо жаатындагы мамлекеттик сырды түзүүчү маалыматтарды сактоону камсыз кылуу;

12) аскердик илимди жана аскердик кадрларды даярдоо тутумун өнүктүрүү;

13) Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү башкаруунун бирдиктүү тутумун түзүү жана өркүндөтүү, ошондой эле радиожыштык спектрин коргоо кызыкчылыктарында пайдаланууну пландоо;

14) аскердик иштерге байланыштуу айлана чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу;

15) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коргоо жаатындагы иштерин координациялоо;

16) аскер кызматчыларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, ошондой эле аскер кызматынан бошонгон адамдарды социалдык коргоону камсыз кылуу;

17) жамааттык коопсуздук жана коргоо максатында эл аралык кызматташтык;

18) коргоо жаатындагы башка иш-чаралар.

(КР 2014-жылдын 3-февралындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202668/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202668/st-3)
