# 19-берене. Согуштук (куралдуу жаңжал) абал

- Документ: [Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202668)
- Документтеги орду: 4-бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24 июлундагы № 242 "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 242
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 декабря 2017 года № 197 (2) "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с принятием конституционных законов Кыргызской Республики "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О военном положении" от 20 мая 2015 года № 106 и "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики" от 14 июля 2015 года № 163"](https://aqlex.ai/kg/doc/111706)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202668#diff=1219795..1219796>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202668/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/202668/edition/1219792/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202668/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө, 19-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202668/st-19

---

Согуш абалы Кыргыз Республикасына агрессия же агрессиянын түздөн-түз коркунучу болгон учурда Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жарыяланат жана бул маселе дароо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилет. Согуш жарыяланган же согуш аракеттери башталган учурдан тартып согуш мезгили башталат, ал согуш аракеттери токтотулгандыгы жөнүндө жарыялангандан кийин жана анык токтогондо бүтөт. Кыргыз Республикасына күтүлбөгөн жерден кол салган учурда Куралдуу Күчтөрдүн жетекчилиги жана аскер командачылыгы согушту жарыялоону күтпөстөн, агрессиянын мизин кайтаруу үчүн чара көрүүгө милдеттүү. Куралдуу жаңжал курал-жарактарды жана аскердик техниканы колдонуу менен куралдуу чыр-чатак, аскердик акция жана чектелген масштабдагы аскердик башка кагылышуулар формасында болушу мүмкүн. Куралдуу жаңжалда маселелерди чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аскерлердин бириккен (ведомстволор аралык) топтору түзүлүшү мүмкүн. (КР 2017-жылдын 1-декабрындагы № 197 (2) Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202668/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202668/st-20)
