19-берене. Согуштук (куралдуу жаңжал) абал
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 4-бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 1 декабря 2017 года № 197 (2)
Согуш абалы Кыргыз Республикасына агрессия же агрессиянын түздөн-түз коркунучу болгон учурда Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жарыяланат жана бул маселе дароо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилет. Согуш жарыяланган же согуш аракеттери башталган учурдан тартып согуш мезгили башталат, ал согуш аракеттери токтотулгандыгы жөнүндө жарыялангандан кийин жана анык токтогондо бүтөт. Кыргыз Республикасына күтүлбөгөн жерден кол салган учурда Куралдуу Күчтөрдүн жетекчилиги жана аскер командачылыгы согушту жарыялоону күтпөстөн, агрессиянын мизин кайтаруу үчүн чара көрүүгө милдеттүү. Куралдуу жаңжал курал-жарактарды жана аскердик техниканы колдонуу менен куралдуу чыр-чатак, аскердик акция жана чектелген масштабдагы аскердик башка кагылышуулар формасында болушу мүмкүн. Куралдуу жаңжалда маселелерди чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аскерлердин бириккен (ведомстволор аралык) топтору түзүлүшү мүмкүн. (КР 2017-жылдын 1-декабрындагы № 197 (2) Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 1 декабря 2017 года № 197 (2) "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с принятием конституционных законов Кыргызской Республики "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О военном положении" от 20 мая 2015 года № 106 и "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики" от 14 июля 2015 года № 163"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202668/st-19" title="19-берене - Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>