# 17-берене. Юридикалык жактардын коргоо жаатындагы милдеттери

- Документ: [Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202668)
- Документтеги орду: 3-бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24 июлундагы № 242 "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 242
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 февраля 2014 года № 24 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об обороне и Вооруженных Силах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205246)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202668#diff=1219792..1219793>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202668/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/202668/edition/1219792/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202668/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө, 17-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202668/st-17

---

Уюштуруу-укуктук түрүнө карабастан юридикалык жактардын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык:

1) келишимдик милдеттенмелерин аткарышат, ал эми согуш мезгилинде - курал-жарактарды жана аскердик техниканы, башка аскердик-техникалык мүлктү жана ресурстарды түзүү, өндүрүү, берүү жана оңдоо боюнча, Куралдуу Күчтөрдүн муктаждыктары үчүн келишим менен иштелүүчү жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча мамлекеттик заказдарды аткарышат;

2) жарандык коргонуу иш-чараларын уюштурушат жана өткөрүшөт;

3) эгерде мыйзамда башка жагдайлар белгиленбесе, келишимдик негизде мобилизациялык пландарда жана тапшырмаларда, мобилизациялык жана мамлекеттик резервдерди топтоо пландарында каралган иш-чараларды жүзөгө ашырышат;

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аскердик-транспорттук милдетти аткарышат;

5) өздөрүнүн кызматкерлерине аскердик милдеттерин аткаруу үчүн керектүү шарттарды түзүп беришет;

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматкерлердин аскердик каттоосун жүзөгө ашырышат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кеткен чыгашаларга андан ары компенсация алуу менен улуттук коопсуздукту (коргоону) камсыз кылуу максатында мекемелерди, курулмаларды, транспорттук каражаттарды жана алардын менчигинде болгон башка мүлктөрдү беришет;

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коргоо жаатындагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырышат.

(КР 2014-жылдын 3-февралындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202668/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202668/st-18)
