# 16-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коргоо жаатындагы милдеттери

- Документ: [Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202668)
- Документтеги орду: 3-бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24 июлундагы № 242 "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 242
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 1 декабря 2022 года № 114 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере обеспечения обороноспособности Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112451)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 01.12.2022 [Закон Кыргызской Республики от 1 декабря 2022 года № 114 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере обеспечения обороноспособности Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112451); 03.02.2014 [Закон КР от 3 февраля 2014 года № 24 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об обороне и Вооруженных Силах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205246)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202668#diff=1219797..1219798>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202668/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/202668/edition/1219792/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202668/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө, 16-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202668/st-16

---

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын жана аймагынын чегинде төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) коргоо жана аскер кызматчыларын, аскер кызматынан бошогон адамдарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык-укуктук жактан коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка укуктук ченемдик актыларынын аткарылышын камсыз кылууга;

2) Куралдуу Күчтөрдүн кызыкчылыгында өздөрүнүн аймагынын жана коммуникацияларынын оперативдүү жабдуу планын иштеп чыгууга жана аны ишке ашырууга катышууга;

3) Кыргыз Республикасынын жарандарынын аскердик каттоосун жана аларды аскер кызматына даярдоону жана мобилизациялоону аларды аскер кызматына жана аскердик жыйымдарга чакырууну уюштурууга жана камсыз кылууга;

4) мобилизация учуруна жана согуш мезгилине мамлекеттик бийлик органдарында жана менчигинин формасына карабастан юридикалык жактарда иштегендердин арасынан Кыргыз Республикасынын жарандарын брондоону жүзөгө ашырууга;

5) коргоо муктаждыгы үчүн транспорттордун жана башка техникалык каражаттардын мобилизациялык даярдыгын камсыз кылууга;

6) Кыргыз Республикасынын жарандарына аскердик-патриоттук тарбия берүүнү уюштурууга жана жүзөгө ашырууга;

7) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын согуш мезгилиндеги жумушка которууну, ошондой эле мамлекеттик жана мобилизациялык резервдердин материалдык каражаттарынын топтолушунун пландарынын жана тапшырмаларынын аткарылышын камсыз кылууга;

8) өзүнүн аймагында аймактык коргоо жана жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды пландаштырууга жана анын аткарылышын камсыз кылууга катышууга;

8-1) резервдик түзүлүштөргө аскерге милдеттүүлөрдү тандоого, каттоого катышуу, аларды даярдоону уюштуруу жана материалдык-техникалык камсыздоого;

9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, карамагында коргоо маселелери болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жарандык коргонууну жана аймактык коргоону уюштурууну жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;

10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коргоо жаатындагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.

(КР 2014-жылдын 3-февралындагы № 24, 2022-жылдын 1-декабрындагы № 114 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [151-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202668/st-151)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202668/st-17)
