# 14-берене. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коргоо жаатындагы ыйгарым укуктары

- Документ: [Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202668)
- Документтеги орду: 3-бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24 июлундагы № 242 "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 242
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"](https://aqlex.ai/kg/doc/112657)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.08.2023 [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"](https://aqlex.ai/kg/doc/112657); 03.02.2014 [Закон КР от 3 февраля 2014 года № 24 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об обороне и Вооруженных Силах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205246)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202668#diff=1219798..4265>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202668/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/202668/edition/1219792/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202668/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө, 14-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202668/st-14

---

Мамлекеттик органдардын коргоо жаатындагы ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан төмөнкү маселелерди чечүү үчүн белгиленет:

1) коргоо муктаждыктары үчүн зарыл болгон продукцияны өндүрүү жана берүү;

2) экономиканы мобилизациялык даярдоо, согуш мезгилинде анын туруктуу иштешин камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу;

3) коргоо максатында Кыргыз Республикасынын аймагын ыкчам жабдуу боюнча иш-чараларды камсыз кылуу;

4) аймактык коргоо боюнча иш-чараларды камсыз кылуу;

5) Кыргыз Республикасын коргоону уюштурууга жана куралдуу коргоого катышуу;

6) Кыргыз Республикасынын жарандарын аскердик кызматка даярдоого катышуу;

7) Куралдуу Күчтөр менен бирдикте ыкчам жана мобилизациялык даярдоо;

8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коргоо жаатындагы башка милдеттер.

(Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 3-февралындагы № 24, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202668/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202668/st-15)
