# 12-берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин коргоо жаатындагы ыйгарым укуктары

- Документ: [Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202668)
- Документтеги орду: 3-бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24 июлундагы № 242 "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 242
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202668/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/202668/edition/1219792/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202668/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө, 12-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202668/st-12

---

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши:

1) аскердик анттын текстин, Куралдуу Күчтөрдүн аскердик уставдарын бекитет;

2) Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө (тиешелүү жылга) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык коргоого кеткен чыгашаларды карайт жана бекитет;

3) аскердик наамдарды белгилейт;

4) коргонуу, жамааттык коопсуздук жана аскердик-техникалык кызматташтык жаатындагы Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ратификациялайт жана денонсациялайт;

5) тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча эл аралык келишимдик милдеттенмелерди аткаруу зарыл болгондо Куралдуу Күчтөрдү Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары колдонуу жөнүндө маселелерди чечет;

6) согуш жана тынчтык маселелерин чечет; согуштук абалды киргизет, согуштук абалды жарыялайт, ушул маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын бекитет же жокко чыгарат;

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коргоо жаатындагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202668/st-11)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202668/st-13)
