# 1-берене. Коргоонун негиздери

- Документ: [Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202668)
- Документтеги орду: 1-бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24 июлундагы № 242 "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 242
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202668/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/202668/edition/1219792/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202668/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө, 1-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202668/st-1

---

Коргоо улуттук коопсуздуктун элементи жана мамлекеттин эң маанилүү иш-милдеттеринин бири болуп саналат, мунун өзү куралдуу коргонууга даярдык боюнча саясий, экономикалык, аскердик, социалдык, укуктук жана башка чаралардын тутуму жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн, коомун жана жарандарын куралдуу коргоону түшүндүрөт. Коргоо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, эл аралык укуктун негиз болуучу принциптерине жана ченемдерине, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык уюштурулат жана ишке ашырылат. Куралдуу күрөштүн каражаттарын колдонуу менен коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү (мындан ары - Куралдуу Күчтөр), башка аскердик түзүлүштөр, аскердик-экономикалык камсыздоонун бирдиктүү тутуму түзүлөт, Кыргыз Республикасынын жарандарынын аскердик милдеттери жана мамлекеттик органдардын, уюштуруу-укуктук формасына карабастан юридикалык жактардын, ошондой эле транспорттук каражаттардын ээлеринин аскердик-транспорттук милдеттери белгиленет. Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн куралдары, аскердик техникалары жана мүлктөрү мамлекеттик менчик болуп саналат жана аларда чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу укугунда болот.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202668/st-2)
