# 5-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2010-жылга бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолу жонундо](https://aqlex.ai/kg/doc/202667)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-ноябрындагы №306 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2010-жылга бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолу жонундо"мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 306
- Кабыл алынган күнү: 26.11.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.03.2011
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 марта 2011 года № 3 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О бюджете Социального фонда Кыргызской Республики на 2010 год и прогнозе на 2011-2012 годы""](https://aqlex.ai/kg/doc/203247)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202667#diff=380094..380095>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202667/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4057/edition/380094/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202667/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.03.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2010-жылга бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолу жонундо, 5-берене (05.03.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202667/st-5

---

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондун республикалык бюджеттен 2010-жылга 5576,7 млн.сом суммасында, 2011-жылга божомол - 6184,2 млн.сом суммасында, 2012-жылга - 8687,4 млн.сом суммасында каржылоо бекитилсин, анын ичинде: пенсиянын базалык бөлүгүнө 2010-жылга - 1058,3 млн.сом, 2011-жылга божомол - 2221,2 млн.сом, 2012-жылга - 3879,4 млн.сом; аскер кызматкерлеринин пенсиясына (Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын жана башкалардын пенсионерлерине) жана аскер кызматчыларын камсыздандыруу учуру боюнча бир жолку жөлөкпулга 2010-жылга - 892,3 млн.сом, 2011-жылга божомол - 667,0 млн.сом, 2012-жылга - 724,8 млн.сом; пенсияларга (көп балалуу энелерге жана бала кезинен майыптардын энелерине; алыскы жана барууга кыйын райондордо жашаган бийик тоолуу шарттардагы иш үчүн; "Кыргызстан аба жолдору" улуттук авиаташуучусу" ачык акционердик коомунун учуучу жана учуу-сыноочу курамынын кызматкерлерине; № 2 тизме боюнча жана "РЕSАС" программасына кирген ишканалардагы текстиль өндүрүшүндө иштеген адамдарга), пенсияларга үстөктөргө (майыптарга, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана башка категорияларга; Кыргыз Республикасынын алдындагы өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн), компенсацияларды төлөөгө (Чернобыль атомдук электр станциясындагы жана башка жарандык же аскердик багыттагы атомдук объекттердеги авариянын кесепеттерин жоюунун катышуучуларына; эмгектик мертинүү же кесиптик оорусу боюнча майыптарга, "РЕSАС" программасына кирген ишканаларда иштеген, багуучусун жоготкон адамдарга) 2010-жылга - 1904,2 млн. сом, 2011-жылга божомол - 2477,6 млн. сом, 2012-жылга - 3018,6 млн. сом; пенсионерлерге электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөөлөргө 2010-жылга - 1721,9 млн.сом, 2011-жылга божомол - 818,4 млн.сом, 2012-жылга - 1064,6 млн.сом. (КР 2011-жылдын 5-мартындагы № 3 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202667/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202667/st-6)
