10-берене
Күчүндө · 05.03.2011 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин 2010-жылга чыгашаларын каржылоо жана 2011-2012-жылдарга божомол камсыздандыруу төгүмүнүн жана башка булактардын эсебинен иш жүзүндө алынган кирешелердин чегинде жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду чогултулган каражаттардын тиешелүү камсыздандыруу фонддоруна өз учурунда которулушу үчүн жоопкерчилик тарта тургандыгы белгиленсин. Мурунку финансылык жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун администрациялык чыгашаларына каралган пайдаланылбай калган каражаттарын колдонуу укугу менен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун администрациялык чыгашалары келип түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн көлөмүнүн 3 пайызынан ашпаган өлчөмдө түзүлөөрү жана чыгымдалаары белгиленсин. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду бюджетти аткаруу процессинде төмөнкүлөргө укуктуу экендиги белгиленсин:
- эгерде бул Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе, ушул Мыйзамдын 1-беренесинде бекитилген сумманын чектеринде ушул Мыйзамдын 1-3-тиркемелерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилге кылууга;
- кошумча келип түшүүчү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн чектеринде Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин чыгаша бөлүгүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилге кылууга.
Берененин тексти 05.03.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202667/st-10" title="10-берене - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2010-жылга бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолу жонундо (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>