Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүн жоготкон · 15.09.2021 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 15 сентября 2021 года № 121.
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыян- дуу таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2006-ж., N 10, 851-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 4-статья төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"- жарандардын ден соолугун сактоо жаатындагы коомдук саламаттык сактоо органдарына тамекинин зыяндуу таасиринен коргонууга көмөк көрсө- түү;".
2. 5-статьянын үчүнчү абзацы "тамеки тармагында иштеген адамдарга"
деген сөздөрдөн кийин ", жарандардын саламаттыгын сактоо тууралуу мый- замдарга ылайык" деген сөздөр менен толукталсын.
3. 7-статьяда:
2-бөлүктө:
- бешинчи абзацтагы "билим берүүнүн," деген сөздөр алып салынсын;
- алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- китепканаларда, көргөзмө залдарда, аудиторияларда (лекциялык жайларда);";
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- турак үйлөрдүн подъезддеринде;
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган-
дары ээлеп турган имараттарда жана жайларда."; 3-бөлүктүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
4. 12-статьянын 1-бөлүгүнүн бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда
баяндалсын: "- Кыргыз Республикасында белгиленген талаптарга алар ылайык кел- беген учурларда;".
5. 15-статьяда:
1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацындагы "сатып өткөрүү" деген сөздөр "са- туу көлөмүн көбөйтүү" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Тамеки продукцияларын жарнактоого тамеки заттарын саткан жерлерде гана уруксат берилет. Жарнак материалынын өлчөмү 2000 кв. сантиметрден чоњ болбоого тийиш. Дүкөндүн ичиндеги ар бир жарнак материалы бардык учурларда медициналык эскертүү менен коштолууга жана жарнак аянтынын кеминде 40 пайызын ээлөөгө тийиш.".
6. 17-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен
толукталсын: "- республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден;".
7. 18-статьянын 1-бөлүгүндөгү "өстүрүү" деген сөз "өндүрүү" деген
сөзгө алмаштырылсын.
Берененин тексти 15.09.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндөЗакон · 21.08.2006 · № 175 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202666/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жонундо" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана озгортуулор киргизуу тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>