# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы аткаруу ондурушу жонундо жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202665)
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 24-декабрындагы №314 "Кыргыз Республикасындагы аткаруу ондурушу жонундо жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 314
- Кабыл алынган күнү: 24.12.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202665/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4055/edition/769322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202665/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы аткаруу ондурушу жонундо жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү жөнүндө, 1-берене (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202665/st-1

---

"Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук ат- каруучулардын статусу тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2002-ж., № 4, 160-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 12-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 13-1-пунктча менен

толукталсын: "13-1) карызкордун Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүсүн убактылуу чектөөнү белгилөөгө;".

2. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 31-1-статья менен толукталсын:

"31-1-статья. Карызкордун Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүсүн убактылуу чектөө

1. Карызкор тарабынан сот актысынын негизинде берилген же сот ак-

тысы болуп эсептелген аткаруу документинде камтылган талаптардын белги- ленген мөөнөтү аткарылбаса, соттук аткаруучу карызкордун Кыргыз Респуб- ликасынан чыгып кетүүсүн убактылуу чектөө жөнүндө өндүрүп алуучунун арызы же өз демилгеси боюнча токтом чыгарууга укуктуу.

2. Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүсүн убактылуу чектөө жөнүндө

токтом улук соттук аткаруучу тарабынан бекитилет. Көрсөтүлгөн токтомдун көчүрмөсү карызкорго, өндүрүп алуучуга жана ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт.

3. Эгерде аткаруу документи сот актысы болуп эсептелбесе жана сот

актысынын негизинде берилбеген болсо, анда өндүрүп алуучу же соттук ат- каруучу карызкордун Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүсүн убактылуу чектөөнү белгилөө тууралу арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.

4. Карызкор тарабынан аткаруу документинде камтылган талаптар ат-

карылганда, соттук аткаруучу 48 сааттын ичинде Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүсүн убактылуу чектөөнү жокко чыгаруу тууралу токтом чыгарат. Мында токтомдун улук соттук аткаруучу тарабынан бекитилиши талап кылын- байт. Токтомдун көчүрмөлөрү карызкорго жана ыйгарым укуктуу органга жи- берилет.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202665/st-2)
