# 1-берене

- Документ: [Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/202661)
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 15-октябрындагы № 275 "Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 275
- Кабыл алынган күнү: 15.10.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.10.2009
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 10 августа 2018 года № 89 "О введении в действие Кодекса Кыргызской Республики о неналоговых доходах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111819)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202661/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4052/edition/893540/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202661/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.10.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу, 1-берене (15.10.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202661/st-1

---

"Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыр- гыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 5, 157-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 17-статьяда:

статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Тамгалоо төлөмү"; 1- жана 2-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Тамгалоо төлөмү ички өндүрүштөгү, ошондой эле республикага сатып өткөрүү үчүн алынып келинүүчү кымбат баалуу металлдардан жана асыл таш- тардан жасалган зергер, тиричилик буюмдарына белги коюу, текшерүү жана эн салуу, тамгалоо эн издерин техникалык экспертизалоо, кымбат баалуу металл кошулган буюмдарды жана материалдарды экспертизалоо жана башка лабораториялык иштер үчүн алынат. Тамгалоо көзөмөлүн жүргүзүү тартиби, ошондой эле тамгалоо төлөмү- нүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".

2. 20-статьяда:

1-бөлүктөгү "Кыргыз Республика Финансы министрлиги менен макулда- шууга ылайык Кыргыз Республика Мамлекеттик салык кызматы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-бөлүктөгү "Кыргыз Республика Финансы министрлигине караштуу Кым- бат баалуу металлдар жана асыл таштар башкармасына өткөрүлүп берилет" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Кымбат баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондуна өткөрүлүп берилет" деген сөздөргө алмашты- рылсын.

3. 24-статья күчүн жоготту деп табылсын.

4. 25-статьяда:

2-бөлүктө "белгиленген" деген сөз "белгиленген элүү" деген сөздөргө алмаштырылсын; статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызмат адамдары- нын ээлигине белек катары берилген кымбат баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган, ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн буюм- дар Кыргыз Республикасынын Кымбат баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондуна өткөрүлүп берилүүгө тийиш.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202661/st-2)
