# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 4-июнундагы № 96 "Ысык-Көл облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжаларын аныктоо жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 4-июнундагы № 96 "Ысык-Көл облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжаларын аныктоо жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 96
- Кабыл алынган күнү: 04.06.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.06.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20266>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1282/edition/602436/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20266.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.06.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 4-июнундагы № 96 "Ысык-Көл облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжаларын аныктоо жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтому (04.06.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20266

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 4-июну № 96 Ысык-Көл облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжаларын аныктоо жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө

КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 29-декабрындагы № 138 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайланган депутат деп таануу бөлүктөрү күчүн жоготту.

"Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 11-апрелиндеги ПЖ № 75 Жарлыгы менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Бостери айылдык кеңешинин, Тоң районундагы Улахол айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2013-жылдын 26-майында өткөрүлдү. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Бостери айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү үчүн - 4 көп мандаттуу шайлоо округу, Улахол айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү үчүн 5 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Ысык-Көл облусунда мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыктары боюнча даттануулар жана арыздар келип түшкөн жок. Шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдорго ылайык 21 талапкер - Бостери айылдык кеңешинин, 21 талапкер Улахол айылдык кеңешинин депутаты болуп шайланды. Шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдордун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2, 24-пункттарынын "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесиндеги 4-бөлүктүн, 40-беренесиндеги 4-бөлүктүн, 62-беренесинин негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2013-жылдын 26-майындагы Ысык-Көл районунун Бостери айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп табылсын.

Ысык-Көл районунун Бостери айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол бекитилсин.

2. 2013-жылдын 26-майындагы Тоң районунун Улахол айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп табылсын.

Тоң районунун Улахол айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол бекитилсин.

3. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына төмөнкү талапкерлер шайланган депутаттар деп эсептелсин (тиркеме).

Шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.

4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

Т. Абдраимов

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 4-июнундагы № 96 токтомунун тиркемеси

Ысык-Көл облусунун жергиликтүү кеңештерине шайланган депутаттардын

ТИЗМЕСИ

Ысык-Көл району

Бостери айылдык кеңеши

1

Иманалиев Эмир Мирбекович

267

2

Байтокова Макиш Садыбакасовна

250

3

Алтымышов Карыпбай

241

4

Сыдыков Эркинбек Тулебердиевич

238

5

Мамбетов Канымет Курманбаевич

231

6

Асеинов Кубатбек Рымович

227

7

Орозобаков Максат Учурукович

224

8

Шамбетов Канат Бекбосунович

219

9

Молдоканов Женишбек Токтобекович

219

10

Айдаралиев Улан Капарович

211

11

Жолочуев Улан Жолучуевич

198

12

Жылкыбаев Чыныбек Совхозович

178

13

Такырбашов Кубанычбек Зарлыкович

172

14

Джапаров Алмазбек Дюшекеевич

165

15

Молдошева Чынаркуль Апасовна

161

16

Абдиев Камчибек Качкынович

158

17

Капас уулу Асеин

158

18

Сооронбаев Арстан Темирбекович

158

19

Учкурткаев Замир Турдубекович

153

20

Муканбаев Кубанычбек Сатымдиевич

151

21

Жусупов Алтынбек

149

Тоң району

Улахол айылдык кеңеши

1

Уморова Чолпон Таштановна

300

2

Ашымов Тынчтыкбек Желденович

284

3

Мамбеткеримов Акылбек Токтошевич

283

4

Кудабаев Жаныбек Султанбекович

273

5

Амантуров Нурлан Казылович

272

6

Атантаев Жетимиш Уйчиевич

263

7

Кукеев Суйорбек Сейитказиевич

255

8

Султаналиев Касымкул Токтобекович

251

9

Тюменбаев Максатбек Букарбаевич

240

10

Кусегенов Бактыбек Рыскельдиевич

231

11

Кыдырмаев Айбек Сагындыкович

224

12

Омуралиев Калысбек Шаршенбекович

218

13

Акматов Ашым Закирович

207

14

Садыкова Гулбарчын Каныбековна

183

15

Эркинбаев Нуркул Орозобекович

174

16

Токтобек уулу Руслан

169

17

Абдыкеримов Амангелди Стынович

165

18

Асанакунов Самат Имангазиевич

139

19

Масылканов Таалайбек Усекеевич

113

20

Батырканов Асылбек Шаршеевич

105

21

Манапбаев Таалайбек Мыктыбекович

89
