# Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 22-октябрындагы №283 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө"мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 22-октябрындагы №283 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө"мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 283
- Кабыл алынган күнү: 22.10.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202653>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4045/edition/377338/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202653.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 22-октябрындагы №283 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө"мыйзамы (25.03.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202653

---

Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-мартындагы № 7 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары 2009-жылдын 22-октябры № 283

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө

2009-жылдын 22-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган

Бул Мыйзамды жүзөгө ашыруу боюнча КР Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы ПЖ № 425 Жарлыгын карањыз

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202653/st-1)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкүдөй түзүмү бекитилсин: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги; Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги; Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги; Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги; Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги; Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги; Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги; Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги; Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлиги; Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги; Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги; Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги; Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция ми- нистрлиги.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202653/st-2)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: Кыргыз Республикасынын Премьер-министринен; Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринен; Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринен; Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринен - Кыргыз Республи- касынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчисинен; Кыргыз Республикасынын министрлеринен тураары белгиленсин.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202653/st-3)

Төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жана ага баш ийип иштей тургандыгы белгиленсин: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Байланыш мамлекеттик агенттиги; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттиги; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамле- кеттик кызматы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кыз- маты; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызма- ты; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызма- ты; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду.

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202653/st-4)

Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Респуб-

ликасынын 2007-жылдын 27-декабрындагы № 176 Мыйзамы (Кыргыз Республика- сынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2008-ж., № 1, 1-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Респуб-

ликасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 9-июнундагы № 112 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 576-ст.). Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
