# 9-берене. Мектепке чейинки билим берүү уюмунун статусу, аны түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу

- Документ: [Мектепке чейинки билим беруу жонундо](https://aqlex.ai/kg/doc/202646)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-июнундагы № 198 "Мектепке чейинки билим беруу жонундо" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 198
- Кабыл алынган күнү: 29.06.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 11 августа 2023 года № 179 "Об образовании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4038/edition/1276854/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202646/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мектепке чейинки билим беруу жонундо, 9-берене (11.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-9

---

1. Мектепке чейинки билим берүү уюму юридикалык жак формасында уюштурулат;

2. Мектепке чейинки билим берүү уюмдары жөнүндө типтүү жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Мектепке чейинки билим берүү уюмунун уюштуруучусу (ээси) баш ийүүсүнө, менчигинин формасына жана тибине карабастан мектепке чейинки билим берүү уюмдары жөнүндө Типтүү жобонун негизинде устав иштеп чыгат.

3. Мектепке чейинки билим берүү уюму мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчиктин формасынын негизинде түзүлүшү мүмкүн;

4. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарын түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат;

5. Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдары коммерциялык эмес уюмдар катары уюштурулат.

Жеке менчик мектепке чейинки билим берүү уюмдары коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар катары уюштурулушу мүмкүн.

6. Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттары менчиктештирилүүгө, сатылууга жана кайра профилдештирилүүгө тийиш эмес.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-10)
