# 8-берене. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын милдеттери

- Документ: [Мектепке чейинки билим беруу жонундо](https://aqlex.ai/kg/doc/202646)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-июнундагы № 198 "Мектепке чейинки билим беруу жонундо" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 198
- Кабыл алынган күнү: 29.06.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 11 августа 2023 года № 179 "Об образовании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2021 года № 38 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об образовании", "О дошкольном образовании")](https://aqlex.ai/kg/doc/112197)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202646#diff=1276856..1276857>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4038/edition/1276854/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202646/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мектепке чейинки билим беруу жонундо, 8-берене (11.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-8

---

1. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

- мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын Мектепке чейинки билим берүүнүн мамстандартынын талаптарына ылайык келишин камсыз кылуу;

- инклюзивдик билим берүүнү ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү;

- балдардын мектепке чейинки билим алууга болгон керектөөлөрүн канааттандыруу;

- балдарды тарбиялоо, окутуу жана өстүрүү, алардын дене-күч жактан өсүшү жана ден соолугун чыңдашы үчүн санитардык-гигиеналык талаптарга ылайык коопсуз шарттарды түзүү жана ушул талаптарды сактоо;

- балдарда сергек жашоо ыңгайынын гигиеналык көндүмдөрүн жана негиздерин, коопсуз жүрүм-турумдун ченемдерин калыптандыруу;

- балдардын ден соолугун коргоого жана чыңдоого көмөк көрсөтүү;

- балдарды багууну жүзөгө ашырууну;

- балдарды курагына жана азык-заттарды керектөөсүнүн физиологиялык ченемдерине ылайык тамак-аш менен камсыз кылуу;

- ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) менен өз ара байланышты жүзөгө ашыруу;

- ата-энелердин арасында мектепке чейинки курактагы балдарды өстүрүүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө психологиялык-педагогикалык билимдерди жайылтуу;

- мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын топторун Мектепке чейинки билим берүүнүн мамстандартына ылайык комплекттөөнү жүргүзүү;

- финансылык тартипти сактоо, материалдык-техникалык базаны сактоо.

2. Мектепке чейинки билим берүүнүн ишине жана натыйжаларына мониторинг жана контроль жүргүзүүнүн тартиби Мектепке чейинки билим берүүнүн мамстандартына ылайык аныкталат.

Мектепке чейинки билим берүү жаатында билим берүү кызматтарын көрсөтүү боюнча иш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда иштин лицензиялоочу түрү болуп эсептелет.

3. Менчиктин жекече формасына негизделген мектепке чейинки билим берүү уюму мыйзамдарда белгиленген тартипте мектепке чейинки билим берүү жаатында билим берүү кызматтарын көрсөтүү укугуна берилген лицензиясы бар болгондо өзүнүн ишин жүзөгө ашырат.

4. Мектепке чейинки билим берүү уюмунун иштөө режими, анда балдардын болушунун узактыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.

Мектепке чейинки билим берүү уюмдары иштин ийкемдүү режимин белгилеши мүмкүн, анда балдардын узак убакыт жана сутка бою болушу жагынан ар кандай топторду түзүү, ошондой эле дем алыш, жумуш эмес жана майрам күндөрү нөөмөтчү топтору каралат. Мамлекеттик мектепке чейинки билим берүү уюмдары үчүн иштөө режими, балдардын тамактануусунун акчалай ченемдери, топтордун толукталышы, балдардын болуу убактысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте бекитилет. Мамлекеттик мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын штаттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте бекитилген типтүү штаттарга ылайык аныкталат. (КР 2021-жылдын 23-мартындагы № 38 Мыйзамына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-9)
