# 7-берене. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын түрлөрү

- Документ: [Мектепке чейинки билим беруу жонундо](https://aqlex.ai/kg/doc/202646)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-июнундагы № 198 "Мектепке чейинки билим беруу жонундо" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 198
- Кабыл алынган күнү: 29.06.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 11 августа 2023 года № 179 "Об образовании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2021 года № 38 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об образовании", "О дошкольном образовании")](https://aqlex.ai/kg/doc/112197)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202646#diff=1276856..1276857>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4038/edition/1276854/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202646/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мектепке чейинки билим беруу жонундо, 7-берене (11.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-7

---

1. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын төмөндөгүдөй түрлөрү болушу мүмкүн:

- 6 айдан 3 жашка чейинки балдар үчүн ясли, мында ушул курактагы балдарды багуу, окутуу, тарбиялоо жана өстүрүү камсыз кылынат;

- 6 айдан 7 жашка чейинки балдардын ясли-бакчасы, мында ушул курактагы балдарды багуу, окутуу, тарбиялоо жана өстүрүү камсыз кылынат;

- 3 жаштан 7 жашка чейинки балдардын бала бакчасы, мында ушул курактагы балдарды багуу, окутуу, тарбиялоо жана өстүрүү камсыз кылынат;

- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген (сөз сүйлөөсү, интеллектуалдык өсүшү, көрүүсү, угуусу, таяныч-кыймылдоо аппараты бузулган) балдар үчүн адистешкен атайын бала бакча;

- балдар үйү - жетим балдар жана ата-энеден кароосуз калган балдар (3төн 18 жашка чейинки) үчүн билим берүү, тарбиялоо уюму, мында окутуу жана тарбиялоо толугу менен мамлекеттин эсебинен жүзөгө ашырылат;

- бөбөктөр үйү - жетим балдарды жана ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдарды, ошондой эле мамлекеттин эсебинен күтүлгөн 3 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарды медицина-социалдык жактан коргоочу саламаттык сактоо системасынын мектепке чейинки билим берүү уюму;

- балдарды өстүрүү борбору, мында балдардын дене-күч жана психикалык өсүүсү, баланын өсүүсүндө жекече керектөөлөрүн эртелеп табуу, диагностикалоо жана атайын билимди жана аны менен байланышкан кызматтарды көрсөтүү камсыз кылынат, ошондой эле башка окуу жайларында же тарбиялоо үйлөрүндө тарбияланышкан балдардын ден соолугун чыңдоо жүзөгө ашырылат;

- үй-бүлөлүк балдар үйү, мында 2ден 18 жашка чейинки курактагы жетим балдар жана ата-энесинин кароосунан ажыраган балдар тарбияланат;

- прогимназия - инновациялык мектептерде: гимназияларда, лицейлерде ж.б. окутуу үчүн баланы ар тараптан өстүрүүнү камсыз кылуучу мектепке чейинки билим берүү уюмунун түрү;

- эне мектеби - бала бакчаларга барбаган, балдарды жана чоңдорду интерактивдүү окутууну камтыган кыска мөөнөттүү жана толук күн бара турган мектепке чейинки билим берүүнүн түрү;

- жамааттык бала бакча - 6 айдан 7 жашка чейинки курактагы балдарга арналган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын структуралык бөлүмү, ар кандай убакытта бара турган балдарды (толук, толук эмес күн) багууну, тарбиялоону, окутууну камсыз кылат.

- кыска мөөнөткө (күнүнө 3-5 саат) баруучу балдар үйү - ресурстарды оптималдуу пайдалануу жана мектепке чейинки билим берүү программалары менен балдардын камтылышын көбөйтүү максатында түзүлүүчү мектепке чейинки билим берүү уюмунун кошумча модели жана түрү.

2. Жарандардын мектепке чейинки билим берүүнүн кызмат көрсөтүүлөрүнө болгон керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн менчигинин түрүнө карабастан мекемелердин, уюмдардын карамагында балдардын мектепке чейинки билим берүү уюмдары түзүлүшү мүмкүн.

(КР 2021-жылдын 23-мартындагы № 38 Мыйзамына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-8)
