# 6-берене. Мектепке чейинки билим берүү программаларынын түрлөрү жана милдеттери

- Документ: [Мектепке чейинки билим беруу жонундо](https://aqlex.ai/kg/doc/202646)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-июнундагы № 198 "Мектепке чейинки билим беруу жонундо" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 198
- Кабыл алынган күнү: 29.06.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 11 августа 2023 года № 179 "Об образовании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2021 года № 38 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об образовании", "О дошкольном образовании")](https://aqlex.ai/kg/doc/112197)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202646#diff=1276856..1276857>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4038/edition/1276854/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202646/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мектепке чейинки билим беруу жонундо, 6-берене (11.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-6

---

1. Мектепке чейинки билим берүү программалары төмөнкүлөргө бөлүнөт:

- негизги программалар, мектепке чейинки билим берүүнүн мамстандартына ылайык алар мектепке чейинки тарбиялоону жана окутууну өзүнө камтыйт;

- баланы өстүрүүдө бир же бир нече багытты камтыган кошумча программалар, баланын Мектепке чейинки билим берүүнүн мамстандартынын милдеттүү талаптарынан тышкары өсүшүн камсыз кылат.

2. Мектепке чейинки билим берүү программалары төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

- баланы аңдап билүү жана интеллектуалдык жактан өстүрүүнү;

- баланын эмоциялык бакыбаттуулугун;

- баланын текши өнүгүшүн камсыз кылуу үчүн үй-бүлө менен өз ара иштешүүнү;

- балдарды жалпы адамзаттык дөөлөттөргө, элдик адаттарга жана салттарга аралаштырууну;

- баланы социалдык жактан жатыктырууну;

- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар менен педагогикалык-түзөтүү жана медицина-психологиялык иш жүргүзүүнү;

- балдарды мектепке даярдоону.

3. Мектепке чейинки билим берүү программалары төмөндөгүлөрдү карайт:

- окутуунун атайын уюштурулган формасы катары өтүлүүчү сабактарды;

- тарбиялоону, баланы өстүрүүнү жана багууну;

- ойнотуу ишин;

- балдардын жеке жана биргелешип иштешин оптималдуу айкалыштырууну.

(КР 2021-жылдын 23-мартындагы № 38 Мыйзамына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-7)
