# 5-берене. Мектепке чейинки билим алуу

- Документ: [Мектепке чейинки билим беруу жонундо](https://aqlex.ai/kg/doc/202646)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-июнундагы № 198 "Мектепке чейинки билим беруу жонундо" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 198
- Кабыл алынган күнү: 29.06.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 11 августа 2023 года № 179 "Об образовании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4038/edition/1276854/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202646/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мектепке чейинки билим беруу жонундо, 5-берене (11.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-5

---

1. Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналган мектепке чейинки курактагы балдар ата-энелеринин расалык таандыктыгына, саясий, диний жана башка ынанымдарына, жынысына, этностук жана социалдык тегине, мүлктүк абалына, жашаган жерине, тилине же дагы башка белгилерине карабастан, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында мектепке чейинки билим алууда бирдей укуктарга ээ.

2. Мектепке чейинки билим берүү уюмдары Мектепке чейинки билим берүүнүн мамстандартынын талаптарынын аткарылышын камсыз кылат.

3. Эгерде Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында башкача каралбаса, чет өлкөлүктөрдүн же жарандыгы жок адамдардын балдары Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн белгиленген тартипте мектепке чейинки билимди алышат.

4. Бала мектепке чейинки билимди мектепке чейинки билим берүү уюмдарында же ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каалоосу боюнча үй-бүлөдө ала алат.

5. Балдарды мектепке чейинки билим берүү уюмдарына кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-6)
