# 4-берене. Мектепке чейинки билим берүүнүн милдеттери

- Документ: [Мектепке чейинки билим беруу жонундо](https://aqlex.ai/kg/doc/202646)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-июнундагы № 198 "Мектепке чейинки билим беруу жонундо" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 198
- Кабыл алынган күнү: 29.06.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 11 августа 2023 года № 179 "Об образовании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4038/edition/1276854/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202646/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мектепке чейинки билим беруу жонундо, 4-берене (11.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-4

---

Мектепке чейинки курактагы балдарга мектепке чейинки билим берүүнүн жана өстүрүүнүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- мектепке чейинки билим алууга ар бир баланын укугун камсыз кылуу;

- баланын дене-күч, психикалык жана руханий ден соолугун сактоо;

- жарандуулукка, атуулдукка, мамлекеттик символдорго, мамлекеттик, расмий жана эне тилге урматтоо менен мамиле кылууга, ар кайсы маданиятка жана айлана-чөйрөгө сый мамиле жасоого тарбиялоо;

- баланын жаш курагына, интеллектуалдык жана дене-күч жактан мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык, анын чыгармачылык жөндөмүн өстүрүү;

- мектепке чейинки курактагы балдардын, дене-күч, социалдык, эмоциялык, психологиялык, руханий, адеп-ахлактык, интеллектуалдык жана эстетикалык өсүшүн кошкондо, шайкеш өнүгүшүн камсыз кылуу, ошондой эле эмгекке тарбиялоо;

- баланын социалдык жактан жатыгуусун камсыз кылуу жана анын билимин улантууга даярдыгын калыптандыруу;

- үй-бүлөнүн социалдык-педагогикалык патронатын жүзөгө ашыруу;

- баланын өсүүсүндө жеке муктаждыктарын эртелеп аныктоо, ага тиешелүү атайын же инклюзивдик билимди жана аны менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдү берүү;

- балдарды мектепке даярдоо;

- мектепке чейинки билим берүү уюмунда болгон учурунда баланын коопсуздугун камсыз кылуу;

- ата-энелерге (мыйзамдуу өкүлдөргө) консультациялык жардам жана балдарды окутуу жана багуу боюнча маалымат берүү.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-5)
