# 3-берене. Мектепке чейинки билим берүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын принциптери

- Документ: [Мектепке чейинки билим беруу жонундо](https://aqlex.ai/kg/doc/202646)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-июнундагы № 198 "Мектепке чейинки билим беруу жонундо" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 198
- Кабыл алынган күнү: 29.06.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 11 августа 2023 года № 179 "Об образовании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4038/edition/1276854/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202646/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мектепке чейинки билим беруу жонундо, 3-берене (11.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-3

---

Мектепке чейинки билим берүү жана мектепке чейинки курактагы балдарды өстүрүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:

- туруктуу өнүгүү үчүн мектепке чейинки билим берүү системасы тарабынан кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгү жана жогорку сапаты;

- балдарды тарбиялоонун, окутуунун, ден соолугун чыңдоонун, өстүрүүнүн жана аларды багуунун биримдиги;

- мектепке чейинки жана башталгыч жалпы билим берүүнүн жолун жолдоочулугу жана үзгүлтүксүздүгү;

- ар бир баланын сезиминдеги көрөңгөнү, шык-жөндөмдү, табият берген зээнди ар тараптан өстүрүү үчүн шарттардын бирдейлиги;

- мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жана программаларынын көп түрдүүлүгү;

- туулгандан тартып мектепке киргенге чейин бала үчүн жоопкерчилик тартуучу мектепке чейинки курактагы балдардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) ролун күчөтүү;

- окутуунун жана тарбиялоонун диний эмес мүнөзү;

- балдарды мектепке милдеттүү түрдө даярдоо.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-4)
