# 24-берене. Мектепке чейинки билим берүү уюмунун финансылык-чарбалык иши

- Документ: [Мектепке чейинки билим беруу жонундо](https://aqlex.ai/kg/doc/202646)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-июнундагы № 198 "Мектепке чейинки билим беруу жонундо" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 198
- Кабыл алынган күнү: 29.06.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 11 августа 2023 года № 179 "Об образовании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4038/edition/1276854/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202646/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мектепке чейинки билим беруу жонундо, 24-берене (11.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-24

---

1. Мамлекеттик, муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмун каржылоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Балдарды мектепке чейинки билим берүү уюмдарында багуу үчүн акы алуу жана аны эсептөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте бекитилет.

3. Мектепке чейинки билим берүү уюмдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган кошумча акы төлөнмө (стандарттан жогорку) жана ден соолукту чыңдоочу тейлөө кызматтарын көрсөтүүгө укугу бар.

4. Мектепке чейинки билим берүү уюмдары ийримдерди, клубдарды, спорттук жана башка бирикмелерди уюштурууга каражат бөлүп берүүгө укуктуу.

5. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын финансылык-чарбалык ишине контролдук кылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-25)
