# 23-берене. Ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) укуктары жана милдеттери

- Документ: [Мектепке чейинки билим беруу жонундо](https://aqlex.ai/kg/doc/202646)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-июнундагы № 198 "Мектепке чейинки билим беруу жонундо" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 198
- Кабыл алынган күнү: 29.06.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 11 августа 2023 года № 179 "Об образовании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4038/edition/1276854/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202646/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мектепке чейинки билим беруу жонундо, 23-берене (11.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-23

---

1. Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) төмөндөгүлөргө укуктуу:

- мектепке чейинки билим берүү уюмун жана баласынын мектепке чейинки билим алуу формасын тандоого;

- балдарын окутуу, тарбиялоо, өстүрүү жана багуу маселелери боюнча билим берүүнү башкаруунун тиешелүү органдарына кайрылууга;

- өз балдарынын мыйзамдуу кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоого.

2. Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- баланын дене-күч, интеллектуалдык, адеп-ахлактык жана социалдык жактан өсүүсүнүн негизин түптөөгө, балдардын мектепке чейинки билим алышына жоопкерчилик тартууга;

- кандай формада болбосун балдардын мектепке чейинки билим алышына шарттарды камсыз кылууга;

- балдардын дене-күч жактан ден соолугуна жана психикалык абалына кам көрүүгө, табигый көрөңгөсүн, шыгын жана жөндөмдөрүн өрчүтүшүнө тиешелүү шарттарды түзүүгө;

- баланы үй-бүлөдө тарбиялоого, окутууга жана өстүрүүгө;

- баланын кадыр-баркын сыйлоого;

- баланы эмгекчилдикке, жашы улууларга, мамлекеттик, расмий жана эне тилине, элдик салттарга жана адаттарга урматтоо менен мамиле жасоого тарбиялоого;

- мектепке чейинки билим берүү уюмдарын өнүктүрүүгө (кошо төлөөгө) катышууга.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-24)
