# 22-берене. Мектепке чейинки билим берүү уюмунда балдардын тамактануусун уюштуруу

- Документ: [Мектепке чейинки билим беруу жонундо](https://aqlex.ai/kg/doc/202646)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-июнундагы № 198 "Мектепке чейинки билим беруу жонундо" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 198
- Кабыл алынган күнү: 29.06.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 11 августа 2023 года № 179 "Об образовании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4038/edition/1276854/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202646/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мектепке чейинки билим беруу жонундо, 22-берене (11.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-22

---

1. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына баруучу балдар коопсуз сапаттуу тамак-аш азыктары менен камсыз кылынат.

2. Мектепке чейинки курактагы балдар үчүн тамак-аш азыктарынын накталай топтому Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

3. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын тамактануусун уюштуруу жана ага жоопкерчилик мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчисине, билим берүүнү жана саламаттык сактоону башкаруунун тиешелүү деңгээлдердеги ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлөт.

4. Мектепке чейинки билим берүү уюмунда тамак-аштын сапатын контролдоо жана мамлекеттик көзөмөл саламаттык сактоону жана билим берүүнү башкаруунун тиешелүү органдарына жүктөлөт.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-23)
