# 21-берене. Мектепке чейинки билим берүү уюмунда балдарды медициналык жактан тейлөө

- Документ: [Мектепке чейинки билим беруу жонундо](https://aqlex.ai/kg/doc/202646)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-июнундагы № 198 "Мектепке чейинки билим беруу жонундо" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 198
- Кабыл алынган күнү: 29.06.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 11 августа 2023 года № 179 "Об образовании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4038/edition/1276854/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202646/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мектепке чейинки билим беруу жонундо, 21-берене (11.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-21

---

1. Мектепке чейинки билим берүү системасында акысыз медициналык тейлөөнү уюштуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык саламаттык сактоонун тийиштүү деңгээлдеги ыйгарым укуктуу органынын мекемелери тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Мектепке чейинки билим берүү уюмунда балага акысыз негизде алгачкы медициналык жардам берилет, ал ушул мектепке чейинки уюмдун же тиешелүү саламаттык сактоо мекемелеринин штатына кирген медициналык кызматкерлер тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.

3. Тиешелүү деңгээлдеги саламаттык сактоо органдары тиешелүү деңгээлдеги билим берүүнү башкаруу органдары менен бирдикте жыл сайын балдарды акысыз медициналык кароодон өткөрүүнү камсыз кылат жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында санитардык-гигиеналык ченемдердин сакталышын, дарылоо-алдын алуу иш-чараларынын өткөрүлүшүн контролдойт жана жоопкерчилик тартат.

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-22)
