# 20-берене. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызматчыларын социалдык жактан коргоо

- Документ: [Мектепке чейинки билим беруу жонундо](https://aqlex.ai/kg/doc/202646)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-июнундагы № 198 "Мектепке чейинки билим беруу жонундо" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 198
- Кабыл алынган күнү: 29.06.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 11 августа 2023 года № 179 "Об образовании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 августа 2011 года № 150 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203390)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202646#diff=1276854..1276855>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4038/edition/1276854/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202646/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мектепке чейинки билим беруу жонундо, 20-берене (11.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-20

---

1. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматчыларынын статусу башталгыч билим берүү мугалимдерине теңештирилет.

2. (КР 2011-жылдын 8-августундагы № 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Мектепке чейинки билим берүү системасынын кызматчыларына мамлекеттик дарылоо-профилактикалык мекемелерде ар жылы милдеттүү түрдө акысыз амбулаториялык-медициналык текшерүү жүргүзүлөт.

4. Айыл жерлеринде турган жана иштеген мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматчылары дыйкан жана фермердик чарбалардын мүчөлөрү менен бирдей негизде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер үлүшү, кыймылсыз мүлк жана башка мүлк менен камсыз кылынат.

5. Мектепке чейинки билим берүү уюмдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камкордук кеңештер же коомдук уюмдар менен макулдашуу боюнча демөөрчүлүк каражаттарынан педагогикалык кызматчыларга кошумчаны жана кошумча акыны өз алдынча белгилей алат.

6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кошумчалардын, кошумча акылардын башка түрлөрүн белгилөөгө жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызматчыларын сыйлоого укуктуу.

(КР 2011-жылдын 8-августундагы № 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-21)
