# 19-берене. Мектепке чейинки курактагы балдарды социалдык жактан коргоо

- Документ: [Мектепке чейинки билим беруу жонундо](https://aqlex.ai/kg/doc/202646)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-июнундагы № 198 "Мектепке чейинки билим беруу жонундо" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 198
- Кабыл алынган күнү: 29.06.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 11 августа 2023 года № 179 "Об образовании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2021 года № 38 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об образовании", "О дошкольном образовании")](https://aqlex.ai/kg/doc/112197)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202646#diff=1276856..1276857>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4038/edition/1276854/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202646/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мектепке чейинки билим беруу жонундо, 19-берене (11.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-19

---

1. Мамлекет мектепке чейинки курактагы балдарды, жетим балдарды жана ата-энесинин камкордугунан ажыраган, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарды, ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарын социалдык жактан коргоону жана колдоону камсыз кылат.

2. Жетим балдарга жана ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдарга туугандык мамилелерин сактоо, мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчик жана башка формадагы мектепке чейинки уюмдарда акысыз багуу укугуна, ошондой эле алардын жеке, мүлктүк укуктарын коргоого Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кепилдик берилет.

3. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарга ийкемдүү иш режими бар мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарына баруу жана аларда мамлекеттин эсебинен багуу жана билим берүү укугуна кепилдик берилет.

4. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте багууда, окутууда жана өстүрүүдө өздөрүнүн муктаждыктарын канааттандыруу үчүн зарыл каражаттар жана социалдык кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылынат.

5. Мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиялануучуларын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) макулдугусуз Мектепке чейин билим берүүнүн мамстандартында каралбаган тест жүргүзүүгө жана изилдөөлөрдүн ар кандай түрүн жүргүзүүгө жол берилбейт.

6. Жалпы билим берүүчү уюмга кирген учурда мектепке чейинки курактагы балдарды тесттен өткөрүүгө жол берилбейт.

(КР 2021-жылдын 23-мартындагы № 38 Мыйзамына ылайык)

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-20)
