# 16-берене. Мектепке чейинки билим берүү системасын илимий-методикалык жактан камсыз кылуунун милдеттери

- Документ: [Мектепке чейинки билим беруу жонундо](https://aqlex.ai/kg/doc/202646)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-июнундагы № 198 "Мектепке чейинки билим беруу жонундо" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 198
- Кабыл алынган күнү: 29.06.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 11 августа 2023 года № 179 "Об образовании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4038/edition/1276854/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202646/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мектепке чейинки билим беруу жонундо, 16-берене (11.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-16

---

Мектепке чейинки билим берүү системасын илимий-методикалык жактан камсыз кылуунун милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

- мектепке чейинки билим берүүнүн программалык-методикалык базасын, мамлекеттик стандарттарды иштеп чыгуу жана киргизүү;

- тиешелүү билим берүү программаларына ылайык окуу-методикалык жана окуу-көрсөтмө куралдарды түзүү;

- педагогикалык алдыңкы тажрыйбаны жалпылоо жана жайылтуу;

- программалык-методикалык жактан камсыз кылуунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын башка окуу жайлар менен кызматташуусун уюштуруу;

- мектепке чейинки билим берүүнүн милдеттерине ылайык билим берүү ишинин абалына жана баланын өнүгүү деңгээлине мониторинг жана талдоо жүргүзүү;

- мектепке чейинки билим берүү системасынын педагогикалык кызматкерлерин даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу (менчигинин формасына карабастан, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын бардык түрлөрү үчүн милдеттүү);

- жалпыга маалымдоо каражаттарында мектепке чейинки билим берүү маселелери боюнча агартуучулук иш жүргүзүү.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-17)
