16-берене. Мектепке чейинки билим берүү системасын илимий-методикалык жактан камсыз кылуунун милдеттери
Күчүн жоготкон · 11.08.2023 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 11 августа 2023 года № 179.
Мектепке чейинки билим берүү системасын илимий-методикалык жактан камсыз кылуунун милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- мектепке чейинки билим берүүнүн программалык-методикалык базасын, мамлекеттик стандарттарды иштеп чыгуу жана киргизүү;
- тиешелүү билим берүү программаларына ылайык окуу-методикалык жана окуу-көрсөтмө куралдарды түзүү;
- педагогикалык алдыңкы тажрыйбаны жалпылоо жана жайылтуу;
- программалык-методикалык жактан камсыз кылуунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын башка окуу жайлар менен кызматташуусун уюштуруу;
- мектепке чейинки билим берүүнүн милдеттерине ылайык билим берүү ишинин абалына жана баланын өнүгүү деңгээлине мониторинг жана талдоо жүргүзүү;
- мектепке чейинки билим берүү системасынын педагогикалык кызматкерлерин даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу (менчигинин формасына карабастан, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын бардык түрлөрү үчүн милдеттүү);
- жалпыга маалымдоо каражаттарында мектепке чейинки билим берүү маселелери боюнча агартуучулук иш жүргүзүү.
Берененин тексти 11.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202646/st-16" title="16-берене - Мектепке чейинки билим беруу жонундо (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>