# 11-берене. Мектепке чейинки билим берүү системасын башкаруунун мамлекеттик органдарынын негизги милдеттери

- Документ: [Мектепке чейинки билим беруу жонундо](https://aqlex.ai/kg/doc/202646)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-июнундагы № 198 "Мектепке чейинки билим беруу жонундо" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 198
- Кабыл алынган күнү: 29.06.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 11 августа 2023 года № 179 "Об образовании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4038/edition/1276854/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202646/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мектепке чейинки билим беруу жонундо, 11-берене (11.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-11

---

Мектепке чейинки билим берүү системасын башкаруунун мамлекеттик органдарынын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу;

- мектепке чейинки билим берүү системасында өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде мамилелерди ченемдик укуктук жактан жөнгө салууну жүзөгө ашыруу;

- балдарды финансылык, материалдык жактан камсыз кылуунун жана мектепке чейинки билим берүү уюмун материалдык-техникалык жактан жабдуунун мамлекеттик ченемдерин иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте бекитүү;

- Мектепке чейинки билим берүүнүн мамстандартына ылайык мектепке чейинки билим берүүнүн ишине жана натыйжаларына мониторинг жүргүзүү;

- мектепке чейинки билим берүүнү илимий-методикалык жактан камсыз кылууну уюштуруу, илимдин, алдыңкы тажрыйбанын, эң жаңы педагогикалык технологиялардын жетишкендиктерин практикага киргизүү;

- мектепке чейинки билим берүүчү уюмдардын мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды жана ченемдик укуктук актыларды сакташын камсыз кылуу;

- мектепке чейинки курактагы балдардын эсебин алуу;

- мектепке чейинки билим берүү системасында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эл аралык кызматташууну жүзөгө ашыруу;

- мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетектөөчү жана педагогикалык кызматкерлерин даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу маселелери боюнча билим берүү кызматтарын көрсөтүү.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-12)
