# 10-берене. Мектепке чейинки билим берүү системасын башкаруу органдары

- Документ: [Мектепке чейинки билим беруу жонундо](https://aqlex.ai/kg/doc/202646)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-июнундагы № 198 "Мектепке чейинки билим беруу жонундо" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 198
- Кабыл алынган күнү: 29.06.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 11 августа 2023 года № 179 "Об образовании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 мая 2014 года № 82 "О внесении дополнения и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205302)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202646#diff=1276855..1276856>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4038/edition/1276854/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202646/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мектепке чейинки билим беруу жонундо, 10-берене (11.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-10

---

1. Мектепке чейинки билим берүү системасын башкаруу Кыргыз Республикасынын билим берүүнү башкаруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Мектепке чейинки мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилери (директорлор) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте дайындалат жана бошотулат.

3. Мектепке чейинки мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын педагогикалык жана башка кызматкерлерин кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эмгек келишиминин негизинде анын жетекчиси кабыл алат жана бошотот.

4. Жеке менчик мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчиси, педагогикалык жана башка кызматкерлери уюмдун уставы менен белгиленген тартипте кабыл алынат жана бошотулат.

5. Мектепке чейинки билим берүү уюмунун туруктуу иштөөчү коллегиялуу башкаруучу органы болуп педагогикалык кеңеш эсептелет. Педагогикалык кеңеш 3төн кем эмес педагогикалык кызматкер болгон учурда бардык мектепке чейинки билим берүү уюмдарында түзүлөт.

6. Мектепке чейинки билим берүү уюмунда мектепке чейинки билим берүү уюмдарын коомдук башкаруу үчүн көзөмөлдүк кеңеш түзүлүшү мүмкүн, анын иши мыйзамда аныкталат.

(КР 2014-жылдын 30-майындагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-11)
