# 1-берене. Негизги түшүнүктөр

- Документ: [Мектепке чейинки билим беруу жонундо](https://aqlex.ai/kg/doc/202646)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-июнундагы № 198 "Мектепке чейинки билим беруу жонундо" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 198
- Кабыл алынган күнү: 29.06.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 11 августа 2023 года № 179 "Об образовании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2021 года № 38 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об образовании", "О дошкольном образовании")](https://aqlex.ai/kg/doc/112197)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202646#diff=1276856..1276857>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4038/edition/1276854/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202646/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мектепке чейинки билим беруу жонундо, 1-берене (11.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-1

---

Кыргыз Республикасынын "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу" мамлекеттик стандарты (мындан ары - Мектепке чейинки билим берүүнүн мамстандарты) -мектепке чейинки билим берүүгө жана балдарды багууга коюлуучу, ошондой эле инклюзивдик билим берүүнү киргизүү маселелерин камтуучу бирдиктүү талаптарды белгилеген нормативдик документ.. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген окуучулар - дене-күч, психикалык, социалдык, когнитивдик өсүшү жактан жетилишине эртелеп кийлигишүүгө өзгөчө муктаждыктары бар жана социалдык жардамга, реабилитациялоого, ошондой эле үй-бүлөнүн, адистердин жана коомдун өзгөчө көңүл буруусуна муктаж балдар. Мектепке чейинки курак - баланын төрөлгөндөн 7 жашка чейин инсан катары дене-күч, психикалык жана социалдык жактан телчигүүсүнүн мезгили. Мектепке чейинки билим берүү уюму - 6 айдан 7 жашка чейинки балдар үчүн арналган, баланы багуу, аны окутуу, тарбиялоо, өстүрүү жана мектепке даярдоо үчүн мамлекеттин заказын, үй-бүлөнүн жана коомдун суроо-талаптарын жана муктаждыктарын канааттандыруу максатында түзүлүүчү уюм. Мектепке чейинки билим берүү программасы (негизги) - өсүүсүнүн курактык жана жеке өзгөчөлүктөрүнө ылайык мектепке чейинки тарбиялоо жана окутуу мазмунунун милдеттүү минимумун белгилөөчү нормативдик документ. (Абзац КР 2021-жылдын 23-мартындагы № 38 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Инклюзивдик билим берүү - билим берүү муктаждыктарынын ар түрдүүлүгүн жана жеке мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен, бардык окуучулар үчүн мектепке чейинки билим берүүгө бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу. Интеграцияланган сабактар - мектепке чейинки билим берүүнүн негизги жана кошумча программаларынын өз ара байланышын тематикалык жана аңдап билүүнүн негизинде окутуу. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерле- ринин педагогикалык жүктөмү - окуу-тарбия процессин жүзөгө ашырууга арналган убакыт. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызматкерлери - жетекчилер (директорлор), методисттер, тарбиячылар, бардык адистиктеги мугалимдер, психологдор, логопеддер, музыка жетекчилери. Мектепке чейинки билим берүү системасы - мектепке чейинки билим берүүнүн, негизги жана кошумча мамлекеттик программалардын, ошондой эле мектепке чейин билим берүү уюмдарынын жана ошол мамлекеттик стандарттар менен программаларды жүзөгө ашырган адамдардын, билим берүү жана ведомстволук жактан баш ийген уюмдардын эриш-аркак иштөөсүнүн мамлекеттик стандарттарынын жыйындысы. Туруктуу өнүгүү - коомдогу бардык чектелүү ресурстарды (табийгый, адамдык жана экономикалык) натыйжалуу пайдаланууга негизделген, адамдардын муктаждыктарынын экономикалык жана социалдык аспекттеринин жана алардын турмушунун сапатын жакшыртуунун комплекстүү проблемаларын камтыган түшүнүк. (КР 2021-жылдын 23-мартындагы № 38 Мыйзамына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202646/st-2)
