# КР 2009-жылдын 19-майындагы № 160 "Банктык сыр жонундо" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизуу тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 19-майындагы № 160 "Банктык сыр жонундо" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизуу тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 160
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202645>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4037/edition/764856/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202645.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2009-жылдын 19-майындагы № 160 "Банктык сыр жонундо" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизуу тууралуу" Мыйзамы (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202645

---

КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ

Бишкек шаары 2009-жылдын 19-майы № 160

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Банктык сыр жонундо" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизуу тууралуу

2009-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202645/st-1)

"Банктык сыр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2002-ж., № 9, 410-ст.) тө- мөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 5-статьядагы "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан" деген

сөздөрдөн кийин ", ошондой эле терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракетте- нүү боюнча ыйгарым укуктуу органдан" деген сөздөр менен толукталсын.

2. 6-статьянын 2-пункту "банктык сырды камтыган" деген сөздөрдөн

кийин "ошондой эле, терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алын- ган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органга" деген сөздөр менен толукталсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202645/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келти- ришсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
