# КР 2009-жылдын 28-мартындагы №95 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жонундо" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына озгортуулор жана толуктоолор киргизуу тууралу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 28-мартындагы №95 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жонундо" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына озгортуулор жана толуктоолор киргизуу тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 95
- Кабыл алынган күнү: 28.03.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202643>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4035/edition/764846/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202643.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2009-жылдын 28-мартындагы №95 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жонундо" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына озгортуулор жана толуктоолор киргизуу тууралу" Мыйзамы (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202643

---

КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ

Бишкек шаары 2009-жылдын 28-марты № 95

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жонундо" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына озгортуулор жана толуктоолор киргизуу тууралу

(Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-июнундагы № 186, 2010-жылдын 15-мартындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202643/st-1)

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республика- сынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 1997-ж., № 10, 470-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор кирги- зилсин:

1. 12-статьяда:

2-пунктта:

- "300 млн." деген сөздөр "1 миллиард" деген сөздөргө алмаштырыл-

сын;

- пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:

"Уставдык капитал бөлүштүрүүгө чейинки пайдадан каражаттарды чегерүү аркылуу түзүлөт."; 5-пункттагы "резерв" жана "түзүлөт" деген сөздөр "резервдер" жана "түзүлүшөт" деген сөздөргө тиешелүү түрдө алмаштырылсын.

2. 13-статьяда:

1-пункттагы "Мыйзамдын 8-статьясына" деген сөздөрдөн кийин "жана ушул статьянын 3-пунктуна" деген сөздөр менен толукталсын; 2 жана 3-пункттар төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "2. Жүзөгө ашырылбаган пайда же зыян капиталда алтын валюталык ак- тивдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоо боюнча резерв эсебинде ча- гылдырылган алтын валюта активдерин жана милдеттенмелерин кайра баалоо- дон келип түшкөн жүзөгө ашырылбаган кирешелерден жана чыгашалардан ту- рат.

3. Эгерде алтын валюталык активдерди жана милдеттенмелерди кайра

баалоо боюнча резерв терс калдыктарга ээ боло турган болсо, анда бул терс калдыктын бардыгы ушул берененин 4-пунктуна ылайык жүргүзүлүүчү бөлүштүрүлүүчү пайдага киргизилиши керек."; 4-пунктта:

- биринчи абзацтагы "2 жана 3-пункттарын" деген сөздөр "3-пунктун"

деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 2-пунктчанын алтынчы абзацында:

"кайсы болбосун башка финансылык милдеттенмелерди алып салганда," деген сөздөр "кайсы болбосун башка финансылык милдеттенмелерди кошо ал- ганда" деген сөздөргө алмаштырылсын; абзац "эсептеринен," деген сөздөн кийин ", ошондой эле Кыргыз Рес- публикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин эсептеринен;" де- ген сөздөр менен толукталсын; 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "5. Эгерде Кыргыз банкы финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча ушул статьянын 3-пунктун эске алуу менен зыянга учураган болсо, анда бул зы- яндын орду алтын валюталык активдерди жана милдеттенмелерди кайра баа- лоо боюнча жана милдеттүү резервдеринин өз калдыктарынын чегинде толту- рулат."; 6-пунктта: "2 жана 3-пункттарын" деген сөздөр "3-пунктун" деген сөздөргө ал- маштырылсын;

- "резерв жана" деген сөздөрдөн кийин "алтын валюталык" деген

сөздөр кошулсун.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202643/st-2)

(КР 2010-жылдын 15-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
