# 36-2-статья. Сый акылар жана ушул сыяктуу төлөөлөр

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы Банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/202639)
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 28-мартындагы № 93 "Кыргыз Республикасындагы Банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 28.03.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202639/st-36-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4032/edition/764836/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы Банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралу, 36-2-статья (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202639/st-36-2

---

Банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык опера- ция жүргүзүүчү банк кардарларга тиешелүү сый акылардын жана ушул сыяк- туу төлөөлөрдүн тартибин, өлчөмүн жана эрежелерин өз алдынча белгилөөгө укуктуу.".

10. 39-1-статьянын 1-пункту "эл аралык банк тажрыйбасында пайдала-

нылуучу" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле банк ишинин жана каржыло- онун исламдык принциптерине ылайык операцияларды жүргүзүүчү банктар үчүн стандарттарды белгилөөчү эл аралык уюмдар тарабынан иштелип чык- кан" деген сөздөр менен толукталсын.

11. 45-1-статья төмөнкүдөй мазмундагы 10-пункт менен толукталсын:

"10. Кыргыз Банкы ислам банктарына жана "исламдык терезелери" бар банктарга карата, эгерде алар банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык операцияларды жүргүзүүчү банктын ишмердигин жөнгө салуу жагында нормативдик укуктук актыларды бузса, ушул статьяда карал- ган таасир кылуу чараларын көрөт.".

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202639/st-1)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202639/st-2)
